«Унааны ташууда бажы салыгы көтөрүлөт дешүүдө». Түштүк Кореяда эмгектенген Кыргыз жарандары бийликке кайрылуу жасады

«Унааны ташууда бажы салыгы көтөрүлөт дешүүдө». Түштүк Кореяда эмгектенген Кыргыз жарандары бийликке кайрылуу жасады.

«Урматтуу президент Садыр Нургожоевич, бул жерде топтолгон балдар Түштүк Кореяда иштейбиз. Аталган өлкөдөн Кыргызстанга унаа жөнөтүү менен алектенебиз. Бизге бир маалымат келип түшүп жатат. Келе жаткан аптадан тартып бажы салыгы көтөрүлөт дешүүдө. Кымбаттоо тууралуу деле алдын ала айтылган эмес. Биз канча деген унааны сатып алып, жөнөткөнбүз, алар жолдо, кардарлар менен да сүйлөшүлүп калган. Азыркы салык деле биз үчүн кымбат. Ддагы бир канча эсеге көтөрүлсө, баягы эле карапайым элге зыяны тиет. Биз азыркы бойдон калтырып берүүнү суранабыз», — дешет алар.