Унаанын айнегин караңгылатууга берилген уруксаттын баасы 30-50 миң сомдун тегерегин түзөт

Унаанын айнегин караңгылатууга берилген уруксаттын баасы 30-50 миң сомдун тегерегин түзөт жана баа бардык унаалар үчүн бирдей болот. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, уруксат бир жылга берилет жана андан кийин узартуу керек болот. Ал мындан тышкары, эгер 15 миң айдоочу уруксат алса, бюджетке 600дөн 800 миллион сомго чейин түшөрүн айтты.