«Урал аба жолдору» Орусиядан Кыргызстанга «Жүк-200дү» бекер ташыйт

«Урал аба жолдору» авиакомпаниясы Орусиядан Кыргызстанга «Жүк-200дү» бекер ташыйт. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-майда Кыргызстандын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги менен Орус авиакомпаниясынын ортосундагы сүйлөшүүлөр жүргөн.

Ага ылайык «Жүк-200дү» «Челябинск-Ош”; “Уфа-Ош”; “Минеральные воды-Ош”; “Нижневартовск-Ош”; “Казань-Ош”; “Самара-Ош”; “Сочи-Ош”; “Самара-Бишкек”; “Сочи-Бишкек” каттамдары бекер ташыйт.

«Ошол эле учурда, «Жүк 200дү» ташуу аларды жөнөтүүчү кызмат көрсөтүүчүгө өз алдынча төлөө зарыл болгон перрондук жана аэропорттук жыйымдарды камтыбайт»,- дешти.