«Кабыргасын сындырып, башка атышкан». Баткендеги чек арада башка аскерлерди сактайм деп барымтага түшкөн капитанды иниси эскерди

Социалдык тармактарда тажик аскерлерин алаксытып, жанындагы жоокерлерди аман калсын деп, кетирип, өзү калып калган аскердин видеосу тараган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги дал ошол каза болгон капитандын бир тууган иниси менен байланыштык. Ал агасы тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.

«Агам азап чегип өлдү. Өзү 1995-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Кызыл-Туу айылында туулган. Агам өзүнүн жоокерлерин кетирип салып, өзү калып калды. Башкаларды «аман-эсен үйүнө кайтып барсын» деди да. Ал барымтага түшкөндөн кийин аны ал жакта уруп кыйнашкан. Денесинин баары көгала, анан башына атып салышкан. Бутуна да ок атылган. Кабыргалары сынып кеткен. Денеси сыйрылган. Азап чегиптир. Акем мындай чатакка 3 жолу катышты. Жашоосу кызмат менен өтүп кетти. Төрөлгөн кызын 3 эле күн көрдү. Менин Камчыбек Ташиевге бир нече суроом бар»,- деди бир боорунан ажыраган иниси.

Гүлжигит Бектенов 2017-жылы Аскердик окуу жайды аяктап, андан кийин Раззаков шаарына жакын жайгашкан Чек ара кызматынын «Бөрү» атайын багыттагы отрядында төрт жыл кызмат өтөгөн. 2019-жылы «Даңк» медалы менен сыйланган.