Уулум «апа, мен сизди багам, эжемди турмушка узатам дечү» дейт Орусияда бычакталган 17 жаштагы жигиттин апасы

Буга чейин Ички иштер министрлиги маалымат таратып, Орусияда 2 кыргызстандык бычакталганын билдирген. Алардын бири ооруканага жаткырылып, экинчиси —  17 жаштагы Анвар Кубанычбек уулу каза болгон. Анын сөөгү 26-мартта Нарын облусунда жерге берилген. SUPERTV телеканалына дал ошол окуяда уулун жоготкон эне кайрылып, акыйкаттык издеп жатканын билдирди.

«Баламды чоңойтуп, эми жакшылыгын көрөм дегенде, өлтүрүп коюп жатышпайбы. Андан көрө мени өлтүрүп салышса болмок. Менин жүрөгүмдү сууруп алышты. 22-мартта жакшы эле үйдө отурганбыз. Кошуналар келишти. Мен Ноорузга байланыштуу келишти деп ойлодум. Жолдошумдун бир туугандарын көргөндө жүрөгүм зырп этти. «Апа мен сизди багам, эжемди турмушка берем, инимди окутам» деген максаттары бар болчу. Ишенгим келбейт», — дейт сыздаган эне.