«Уулум күчүктү досуна сөз берип коюп, мектепке алып барган экен» дейт окуучунун апасы

Кечээ, 15-февралда социалдык тармактын колдонуучулары мектепке баштыкка күчүк салып барган окуучунун видеосу менен бөлүшүшкөн. Кийинчерээк видеонун 2-бөлүгү тараган. Анда мугалимдин окуучуну күчүк үчүн урушуп жатканын угууга болот. Билим берүү министрлигинен мугалимге катуу эскертүү берилерин билдиришти.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги окуучунун апасы Гүлкумар Сарыбаева менен байланышканыбызда, баласы мектепке барбай жатканын айтты. «Атасыз өсүп жаткан уулума ал окуя катуу тийип, мектепке барбай, үйдө болуп жатат. Досу күчүк сураптыр, аны мен деле билбейм, ага сөз берип койгондон кийин деп салып барыптыр. Уулум «күчүктү эшикке байлап койсом, бирөө бошотуп, алып кетет, коё берип койсом, качып кетет» деп ойлоптур. Мен арыз жазып келдим. Видеодон формачан кишини да көрсө болот, эмнеге анчалык кылышты билбейм», — деди апасы.

Ошондой эле мугалимге жана мектеп жетекчилигине көрсөтүлгөн чара жумшак болуп калганын айтып, мугалимдин иштен айдалуусун  талап кыларын билдирди.