«Уулум менен коштошуп жатып, кечирим сурадым» дейт Орусияда уулу бычакталган апа

Буга чейин Ички иштер министрлиги маалымат таратып, Орусияда 2 кыргызстандык бычакталганын билдирген. Алардын бири ооруканага жаткырылып, экинчиси —  17 жаштагы Анвар Кубанычбек уулу каза болгон. Анын сөөгү 26-мартта Нарын облусунда жерге берилген. SUPERTV телеканалына дал ошол окуяда уулун жоготкон эне кайрылып, акыйкаттык издеп жатканын билдирди.

Анын айтымында, уулунун өлүмүнө шектелип 4 жигит кармалып, үчөө үй камагына чыгып кеткен. «Уулумдан айрылып, үйдө отура бербейм. Москвага барам. Сотуна катышам. Жазасын алмайын жаным тынчыбайт. Мен уулум менен коштошуп жатып, «мен сени сактай албай калганым үчүн кечирип койчу» деп кечирим сурадым»,- дейт апасы.