Таалайбек Дорбунов менен Жазгүл Капашова Чүйдөгү айылдардын биринде балдары менен жашашат. Каармандарыбыз бир уулу психикалык оору менен жабыркаарын айтышты.
“Балабызды дарыгерлерге да, дин ишмерлерине да көрсөттүк. Натыйжа болбой жатат. Өзүнө ээ боло албай калган абалда бизге бычак, балта шилтеп коркутат. 1 ай мурда үйүбүзгө өрт коюп, учурда боз үйдө жашап жатабыз” дешти алар. Буга байланыштуу үй-бүлө элдин колдоосуна муктаж.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер: Мбанк: 0500 40 22 88 СБЕРБАНК: +7 980 3951721, 5228 6005 9319 8155 (Улукбек).
«Уулума жин кирип кетип, 10 жыл акча чогултуп курган үйүбүздү өрттөп салды. Уулум 1 жылдан бери эле ооруп жаткан. Эмнеси ооруп жатканын түшүнө албай жатканбыз. Дин ишмерлерине көрсөтсөк, бирөө «жакшы» дейт, бирөө жин кирип кеткенин айтат. Уулум «мага буйрук бере баштады» деп айтып калды. Уулум 18 жашта. Акыркы убакта маанисиз сүйлөп калды. Чай куюп бергенде чыныны көтөрүп алып, сыртка чыгып кетет. Молдо алып келсек «өтүшүп кетиптир, дем сала албайм» деди. Уулум агрессивдүү болуп калды. Мени көргүсү келбейт. Бычак, балта көтөрүп келди. Мен качтым. «Ташта» деп кыйкырып жатып, таштатып, качып жөнөдүм», — деди ал.