Ишемби, 31.01.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

«Узак өмүр, бакубат жашоо, кажыбас кайрат тилейм». Садыр Жапаров карыларды эл аралык күнү менен куттуктады

10:23 01.10.2021
0
«Ушак айтуудан, жалаа жапкандан да орозо кармоо зарыл». Садыр Жапаров Рамазан айынын башталышы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-октябрда кыргызстандыктарды карылардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу аксакалдуу аталар жана ак элечек апалар! Кымбаттуу кадырман ардагерлер! Кылымдардан бери кыргыз калкы карыяларын кастарлап-барктап, аларга татыктуу урмат-сый көрсөтүп келгендигин нускалуу тарыхыбыз таамай айгинелеп турат. Карысы бардын ырысы бар, Карынын кебин капка сал, Жаш келсе – ишке, кары келсе – ашка деген сындуу ташка тамга баскандай макал-лакаптар бүгүнкү күнгө чейин таасирин жоготпой, улуу муунду кадырлоонун уңгулуу насыяты катары калкыбыздын аң-сезиминде бекем орноп, так аткарылып келатканы буга далил. Көп жашап, көптү көрүп, турмуштук тажрыйбага тунган аталар менен апалардын акыл-насааты, көсөмдүгү, каниет-сабыры ар дайым кийинки муун үчүн улуу сабак. Түптүү, байыркы элибиздин жашоо шартында улууларга өзгөчө сый-урмат көрсөтүү — калкыбыздын каада-салтындагы өрнөктүү жөрөлгө, бекем адат. Эли-жерибиздин руханий баалуулуктарын, улуттук нарк-дөөлөттөрүн, ыйык касиеттерин көөнөртпөй сактап, жаш муундарга мурастап жатканыңыздар — Кыргызстандын баа жеткис байлыгы. Карыяларыбыздын айткан акыл кептери менен даанышман ойлору келечекке багыт алган жолдо шам чырак болуп берет.

Урматтуу аталар, апалар! Сиздер бар үчүн биз барбыз, биздин мамлекетибиз бар! Ал үчүн сиздерге ар дайым башыбызды ийип, таазим этебиз. “Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эр көгөрөт” деген сыңары, ак батаңар, кеп-кеңешиңер менен өлкөбүздүн өрүшү кеңейип, өркүндөп-өсөрүнө бекем ишенем.

Мамлекет жана коом карыяларыбыздын кем-карчына, суроо-талаптарына ар дайым көңүл буруп турушу зарыл. Анткени, кутман куракка жеткен ата-апаларыбыз кийинки урпактарга, жалпы эле Ата Журтка жасаган асыл эмгеги үчүн мамлекет тарабынан камкордукка алынууга толук акылуу.

Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү! Карылардын эл аралык күнү менен чын дилимден чыккан куттуктоомду кабыл алыңыздар. Баарыңыздарга чың ден соолук, узак өмүр, бакубат жашоо, кажыбас кайрат тилейм. Ак сакалын жайкалткан аталар, ак элечегин башынан түшүрбөгөн энелер төрдүн көркү, акылдын кенчи болуп жүрө бериңиздер! Бар болуңуздар!»

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

Автор СЕРЕП МЕДИА
23:14 29.01.2026
1

  Мурдагы депутат Исхак Масалиев BBC’ге берге комментарийинде Жапаров менен Ташиевдин мамилеси фундаменталдуу жана туруктуу экенин айтты. "Буларды мурунку эки...

Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

Автор СЕРЕП МЕДИА
22:16 29.01.2026
0

  Конституциялык соттун мурдагы төрайымы Клара Сооронкулова президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда — быйыл, 2026-жылы өткөрүү мыйзамдуу экенин билдирди. Анын айтымында,...

Баасы 19 миң сом. Мамлекеттик автомектептердеги окутуунун баасы айтылды

Баасы 19 миң сом. Мамлекеттик автомектептердеги окутуунун баасы айтылды

Автор Айзада Тураркулова
14:37 28.01.2026
0

Мамлекеттик автомектептердеги окутуунун баасы 19 миң сомдү түзөт. Бул тууралуу Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди. "Азыр эле...

Садыр Жапаров: «Жеке автомектептердин көпчүлугү  айдоочуну сапаттуу  даярдоого кызыкдар болгон эмес.  Алардын негизги максаты — акча табуу»

Садыр Жапаров: «Жеке автомектептердин көпчүлугү айдоочуну сапаттуу даярдоого кызыкдар болгон эмес. Алардын негизги максаты — акча табуу»

Автор Айзада Тураркулова
14:19 28.01.2026
0

Өлкө башчыс Садыр Жапаров айдоочулук күбөлүк алуу, жеке автомектептердин жабылуусу боюнча "Кабар" агенттигине маек берди. Ал "Жеке автомектептерди жаппай эле...

Депутат Элдар Сулайманов балдарынын энеси тууралуу жаман айтпоого чакырды

Депутат Элдар Сулайманов балдарынын энеси тууралуу жаман айтпоого чакырды

Автор Айзада Тураркулова
14:56 27.01.2026
3

СерепТВ редакциясы учурда коомчулукта катуу талкууга түшкөн Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановго мурунку жубайы менен болгон чырынын айланасында пикирин билүү...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы

АРХИВ

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
« Дек    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү