Башкармалыктын кызматкерлери №10 МАБнын жана ”Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте жеринде иш алып барышууда. Иштин жүрүшүндө 150 чарчы метрди түзгөн темир тосмолор жана үч капиталдык кошумча кире бериш курулуш ээлери тарабынан өз ыктыяры менен демонтаждалган. Ошондой эле, тротуар курууга тоскоол болгон 30дан ашык жеңил объектилер жана 65тен ашык жарнама конструкциялары алынды. Мындан тышкары уруксат берүүчү документтери жок жарнама конструкцияларын орнотуу боюнча 8 протокол түзүлдү.
22-декабрга карата аба-ырайы
Эртең, 22-декабрда түнкүсүн тоолуу аймактарда кар жаайт, калган жерлерде жаан-чачын күтүлбөйт. Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн...