Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев журналисттер жана агартуучулар менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.
Жолугушууда журналисттердин коомдогу ролу чоң экенин белгилеген Нурланбек Азыгалиев: “Азыркы ыкчам дүйнөдө жашоо-турмушубузду маалыматсыз элестетүү кыйын. Андыктан, сиздерге жарандарды бейтарап жана калыс маалымат менен камсыздоо жоопкерчилиги жүктөлгөн. Муну менен катар журналисттер эл менен бийликтин ортосундагы байланышты түзүп, коомдук пикирди жаратат”, – деди. Ал Жогорку Кеңеш бийликтин мыйзам чыгаруу бутагы катары журналисттер менен тыгыз кызматташып, дайыма жакындан иш алып барууга кызыкдар экендигин белгиледи.
Иш-чаранын алкагында жалпыга маалымдоо каражаттарынын айрым өкүлдөрүнө, агартуу тармагында эмгектенген алдыңкы кызматкерлерге жана мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошуп келе жаткан адистерге Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.
SuperTV телеканалынын, СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин директору Бактыгүл Сокушова Жогорку Кеңештин юбилейлик медалы менен сыйланды.
Кечээ, 22-мартта Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түштүк тарабы реконструкциядан ачылды. Реконструкцияга чейин көпүрөнүн жалпы туурасы 9 метр болуп, бул жол...
Бишкек шаарында бүгүн, 22-мартта күндүн экинчи жарымында Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түштүк бөлүгү дагы пайдаланууга берилет. Реконструкцияга чейин көпүрөнүн жалпы...
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта Нарын шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамына катышты. Иш-чаранын башталышына чейин мамлекет башчысы жана биринчи айым Айгүл...
1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин эмгек маяналары 100% көтөрүлөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов соцтармактагы баракчасы аркылуу...