Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун Жайыл социалдык стационардык мекемеси тууралуу маалыматы чыккандан кийин министр Жылдыз Полотова стационардык мекемеге комиссия жөнөткөнүн билдирди.
«Эмгек министринин орун басары жетектеген комиссия жагдайды тактоо үчүн ошол жерге жөнөп кетти. Комиссиянын курамына ошондой эле коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кирди. Комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ведомство кошумча маалымат берет»,- дешти.
25-октябрда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери Жайылдагы аялдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барып, ал жердегилерге карата одоно мыйзам бузууларды аныкташканын билдирген.
№1 корпуста 72 адам көзөмөлдө болсо, аларга 64 эле керебет даярдалган. «Эки аял жерде жатууга аргасыз, дагы алтоо эмереги, шарты жок, бош бөлмөгө киргизилген. Ажаткана жок, анын ордуна чакалар коюлган», — деп айтылат маалыматта.
Кызматкерлердин айтымында, бул бөлмө психикалык жактан артта калган адамдарды убактылуу жайгаштыруу үчүн «изолятор» катары колдонулган. «Бөлмөдөгү температуранын төмөндүгүнө карабастан, аялдар кийим-кече жана бут кийимсиз жатышкан. Бул алардын абалын ого бетер курчуткан», — деп белгилейт басма сөз кызматы.