«Видеодон кийин түшкөн акчага операция жасаттым» дейт бир буту 20 килограмм болгон SuperTV’нын каарманы

Мындан 5 ай мурда SUPERTV каналы аянычтуу тагдырды башынан өткөрүп жаткан өспүрүм бала менен анын ооруга чалдыккан апасынын баянын көрсөткөн. Шайгүл Исаева 48 жашта. Ал бул видеодо жатынын алдырган соң бир бутунун салмагы 20 килограммга чейин жетип калганын, мындан улам анын шишиген бутуна ылайык келген кийим табуу оор экенин айткан. Ошол учурда аны 12 жашар баласы багып келген.

Ал редакциябызга кайрылып, бутуна ийгиликтүү операция жасатканын айтты. «SUPERTV каналына видео чыккандан кийин түшкөн акчага операция жасаттык»,- деди ал. Анын айтымында, видео чыккан соң 170 миң сомдой акча чогулган. Ал эми операция 500 миң сомго жасалган.