Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучусунун зордукталышы. Кыздын ата-энеси ата-энелик укуктан ажыратылган

Буга чейин Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн 15 жаштагы тарбиялануучусунун зордукталышы боюнча шектүү кармалганын Чүй ОИИБден билдиришкен. Арызды кыздын апасы жазганы маалымдалган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Эмгек жана миграция министрлигинен кыздын ата-энеси ата-энелик укуктан ажыратылганын айтышты.

«Кыз социалдык жетим. Анын ата-энесинин ата-энелик укугунан ажыратылган», — дешти министрликтен.