Япониянын «NHK Enterprises» медиа корпорациясы кыргызстандык Нурбек Эген тарткан «Шерлок Орусияда» деп аталган орусиянын сериалын көрсөтүү укугун сатып алды. Бул тууралуу Hollywood Reporter басылмасы жазып чыкты.
Аталган сериал Япониянын AXN Mystery телеканалында көрсөтүлөрү маалымдалды.
Бул телеканалынын жетекчилиги орусиялык долбоорду уникалдуу жана британиялык детектив Шерлок Холмс жөнүндөгү сюжеттердин башка кинотасмалардан айырмасы чоң деп баса белгиледи. Көрсөтүүнүн бет ачары 14-февралда болот.
«Шерлок Орусияда» – Артур Конан Дойлдун чыгармасындагы белгилүү детектив Шерлок Холмс 19-кылымда Санкт-Петербургга бир нече адам өлтүрүүгө шектелген Жек атуу каарманды кармоо үчүн келет. Бул шаар детективдин жашоосунда пайда болгон көп кыйынчылыктарды жана бактылуу мүнөттөрүн баяндайт.
Орусияда тасманын бет ачары 2020-жылдын октябрь айында өткөн. Аталган сериалда башкы ролдорду Максим Матвеев, Владимир Мишуков жана Ирина Старшенбаумдар ойногон.










