«Үй-бүлө тандоо маселеси чечилет». Екатеринбургда апасы тарабынан сатыла жаздаган бала Кыргызстанга жөнөтүлөт

Екатеринбургда апасы тарабынан 300 миң рублге бааланып, сатылып кете жаздаган баланы Кыргызстанга чоң энесине жөнөтүлөт. Бул тууралуу ЖМКлар баланын өгөй атасына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, киши баланын апасынын жарандык күйөөсү. Ал маек берип жатып, баланын документтерине акча чогултуп жатканын айтты. «Бирок 7 жаштагы балага үй-бүлө тандоо маселеси Кыргызстанда чечилет. Азыр бала Уралдын борборундагы балдар үйлөрүнүн биринде», — деп жазат «Комсомольская правда».

Өгөй атасы белгилегендей, баланын Орусияда жакындары жок. Анын айтымында, баланын чоң энеси андан баш тартса, анда өгөй ата баланы өзүнө алат. «Жакында мага аны көрүүгө уруксат берилет. Ден соолук маалымкаттарын берүү калды», — деди Жоомарт.