Сезим кризистик борбору үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болуп, кимге кайрылууну билбей жаткандарга кайрылды.
Үй-бүлөдөгү зомбулук ар кандай формада болушу мүмкүн: жубайлардын бири ачуу сөздөрдү айтып, кемсинтип, сындап, достор жана туугандар менен көрүшүүгө уруксат бербей, ур-токмокко алышы, кыйкырышы мүмкүн. Кээде үй-бүлөлүк зордук-зомбулук өмүргө жана ден соолукка реалдуу коркунуч болушу мүмкүн.
Эгер мындай окуя болсо жана сиз бул кырдаалда коркунучта экениңизди түшүнсөңүз — эсиңизде болсун, оор кырдаалда өзүңүздүн интуицияңызга ишенген жакшы — качыңыз, тынчтандырууга аракет кылыңыз, жардамга кайрылыңыз. Эгер сиздин жана балдарыңыздын өмүрү чындап коркунучта болсо, сиз үчүн коопсуз кырдаалда жардамга кайрылыңыз!
📞Милиция 102
📞Ички иштер министрлигинин ишеним телефону 112
📞Балдардын ишеним телефону 111
📞Акыйкатчы (Омбудсмен) 115
⚡️Эгер сиз жана сиздин балаңыз үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган болсоңуздар — жардамга кайрылыңыз! Бул жашооңузду жакшы жакка өзгөртүүнү каалооңузду билдирерин унутпаңыз.
Жардам алуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу байланышсаңыз болот:
📞Адистерге жазылыңыз:
(0312) 316466; (0551) 316466
(дүйшөмбү-жума, 09.00-17.00)
📞 Тынымсыз байланыш
(0312) 512640; (0501) 512640
(дем алышсыз, 08.00-20.00)