Үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болуп, кимге кайрылууну билбей жатасызбы? Байланыш номурлар

Сезим кризистик борбору үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болуп, кимге кайрылууну билбей жаткандарга кайрылды.

Үй-бүлөдөгү зомбулук ар кандай формада болушу мүмкүн: жубайлардын бири ачуу сөздөрдү айтып, кемсинтип, сындап, достор жана туугандар менен көрүшүүгө уруксат бербей, ур-токмокко алышы, кыйкырышы мүмкүн. Кээде үй-бүлөлүк зордук-зомбулук өмүргө жана ден соолукка реалдуу коркунуч болушу мүмкүн.

Эгер мындай окуя болсо жана сиз бул кырдаалда коркунучта экениңизди түшүнсөңүз — эсиңизде болсун, оор кырдаалда өзүңүздүн интуицияңызга ишенген жакшы — качыңыз, тынчтандырууга аракет кылыңыз, жардамга кайрылыңыз. Эгер сиздин жана балдарыңыздын өмүрү чындап коркунучта болсо, сиз үчүн коопсуз кырдаалда жардамга кайрылыңыз!

Милиция 102
Ички иштер министрлигинин ишеним телефону 112
Балдардын ишеним телефону 111
Акыйкатчы (Омбудсмен) 115

Эгер сиз жана сиздин балаңыз үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган болсоңуздар — жардамга кайрылыңыз! Бул жашооңузду жакшы жакка өзгөртүүнү каалооңузду билдирерин унутпаңыз.

Жардам алуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу байланышсаңыз болот:
Адистерге жазылыңыз:
(0312) 316466; (0551) 316466
(дүйшөмбү-жума, 09.00-17.00)

Тынымсыз байланыш
(0312) 512640; (0501) 512640
(дем алышсыз, 08.00-20.00)