«Үй-бүлөнүн жалгыз уулу болчу». Тажикстандын кол салуусунан 20 жаштагы Марат Ташмурзаев көз жумду

Тажикстандын кол салуусунан 20 жаштагы Баткен облусунун кулуну Марат Ташмурзаев көз жумду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын жакындары билдиришти.

«Марат Ташмурзаев 2002-жылы Баткен облусуна караштуу Айдаркен шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөдө жалгыз уул эле. Чек арада каза болду. Сөөгү бүгүн жерге берилди. Үйлөнө элек болчу», — дешти.