Баткендеги Тажикстандын кол салуусунда каза болгондордун арасында 22 жаштагы Бактияр уулу Рамазан да бар. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын жакындары билдиришти.
«Бактияр уулу Рамазан 2000-жылы Талас облусуна караштуу Манас районундагы Ичке-Суу айылында туулган. Үйдүн тун уулу болчу. 2019-жылы аскерге чакырылып, Нарын облусундагы Тайлак баатыр атындагы № 2025 аскер бөлүгүндө кызматын 2020-жылы ийгиликтүү аяктап, Баткен облусундагы Кулунду тозотуна келишим түзгөн. Кечээ, 18-сентябрда курман болду», — дешти.
Ал эми анын чогуу кызмат кылган досу аны жөнөкөй, адамгерчиликтүү, кайраттуу жигит болгонун айтты. «Менин кызматташ досум жөнөкөй, адамгерчиликтүү жана кайраттуу жигит болчу. Элдин уулусуң, жаткан жериң жайлуу болсун. Ата-энеси баатырды тарбиялады», — деди ал.