«Үй-бүлөнүн тун уулу болчу». Тажик тараптын кол салуусунан 22 жаштагы Бактияр уулу Рамазан көз жумду

Баткендеги Тажикстандын кол салуусунда каза болгондордун арасында 22 жаштагы Бактияр уулу Рамазан да бар. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын жакындары билдиришти.

«Бактияр уулу Рамазан 2000-жылы Талас облусуна караштуу Манас районундагы Ичке-Суу айылында туулган. Үйдүн тун уулу болчу. 2019-жылы аскерге чакырылып, Нарын облусундагы Тайлак баатыр атындагы № 2025 аскер бөлүгүндө кызматын 2020-жылы ийгиликтүү аяктап, Баткен облусундагы Кулунду тозотуна келишим түзгөн. Кечээ, 18-сентябрда курман болду», — дешти.

Ал эми анын чогуу кызмат кылган досу аны жөнөкөй, адамгерчиликтүү, кайраттуу жигит болгонун айтты.  «Менин кызматташ досум жөнөкөй, адамгерчиликтүү жана кайраттуу жигит болчу. Элдин уулусуң, жаткан жериң жайлуу болсун. Ата-энеси баатырды тарбиялады», — деди ал.