Үй камагына чыккан Клара Сооронкулованы апасы кыргыздын салты менен тосуп алган сүрөт тарады.
Ошондой эле анын уулу жана атасы тосуп алып, кучакташып учурашып жаткан сүрөттөр тарады.
- Узак убакыт жанында болбогон жакындарын кыргыздар ушундай жөрөлгө тосуп алышат. Чыныга суу алып, адамдын башынан үч жолу айлантып, андан соң адам ага үч жолу түкүрөт. Андан кийин суу төгүлүп, идиш көмкөрүлүп, үйдүн кире беришине коюлат. Мындай жол менен суу бардык терс нерселерди өзүнө сиңирип, адам терс аурасы жок үйгө кирет деп ишенишет.