Үйдүн ижара акысы кескин кымбаттадыбы? Салык кызматы эскертүү таратты

Бишкекте үйдүн, батирдин ижара акысы кескин кымбаттап кетти деген маалыматтарга байланыштуу Салык кызматынан ижарага батир бергендер салык төлөшү керектигин эскертти.

Эгерде салык төлөбөй, башкаларга ижарага батир берип жаткан фактылар болсо, (0312) 613 189, (0779) 613 189 (WhatsApp) же 116 телефон номерлерине кабарлоо керек.

Шаардын борбордук бөлүгүндөгү бир бөлмө үчүн патент 1500 сом, жаңы конуштарда бир бөлмө үчүн патент 500 сом турат.