«Үйгө келип азык-түлүк, кийим-кече таштап кеткендер болуп жатат» дейт 4 майыпты баккан ата

1 күн мурда SUPERTV телеканалына “4 майыпты дагарага салып жуунтам” деген жаш атанын видеосу жарыяланган. “Апам жана кызым ракка кабылган, жубайым жана дагы бир кызым башынан жабыркайт. Аларга тамак таап келип, кезек менен жуунтуп, карайм” деген Бакыт Жуманалиев жардам сурап кайрылган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги бүгүн, 30-мартта каарман менен байланышканыбызда, жардам бергендер бар экенин айтып, кол сунгандарга ыраазычылык билдирди. «Чет өлкөдө иштеген мигранттар акча салып жатышат. Кечээ азык-түлүк, кийим-кече, турмуш-тиричилик техникаларын, сыналгы, духовка таштап кетишти. Жеке ишкерлер келип, абалыбыз менен таанышып кетип жатышат. Кечээ бир жеке ишкер байланышып, жакынкы арада барып кетем деди. Ал эми мамлекеттик кызматтагылар кабар алышкан жок», — деди ал.