Ыйлаган балдар, нерв болгон энелер… Панфилов сейил багында аттракциондорго сааттап кезекке турушууда (сүрөт)

Буга чейин 1-июнь — Балдарды коргоо эл аралык күнүнө карата Панфилов сейил багында бардык аттракциондо баа бирдей болору маалымдалган. Сейил бакка балдарын ойноткону барган «Музаман» тобунун ырчысы Алымкул Мамырбаев сейил бакта балдардын майрамы кандай өтүп жатканын СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине айтып берди.

«Биз мурун жогорку кичирайондордо жашагандыктан, балдардын майрамында Түштүк дарбазасы паркына же соода түйүндөрүндөгү жабык оюн залдарына барчубуз. Быйыл ал жакта киши көп дегенинен, балдарды аттракционго да түшүрүп коёлу деп Панфилов сейил багына келгенбиз. Сейил бакта эл аябай көп, ызы-чуу, бардык жакта нерв болгон ата-энелер. 1 аттракционго 50дөн ашык киши сааттап кезекте турат. Бүт жакта кезек күткөн ата-энелерди көрөсүң. Бир тааныш эже чыгып калып, ошонун жанына туруп, араң бир аттракционго түштүк», — дейт ырчы.