Abank
SerepTV Logo

"Үйлөнгөнүнө 8 эле ай болгон". Тажикстандын кол салуусунан каза болгон Медетбек Абдумалик уулун апасы эскерди

"Үйлөнгөнүнө 8 эле ай болгон". Тажикстандын кол салуусунан каза болгон Медетбек Абдумалик уулун апасы эскерди
Медетбек Абдумалик уулу 16-сентябрда Тажикстандын Кыргызстанга кол салуу учурунда каза болгон. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын апасы кайрылып, уулу тууралуу, экөөнүн акыркы сүйлөшүүсүн айтып берди. "Медетбек уулум 1991-жылы Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылында туулган. 8 бир туугандын үчүнчүсү болчу. Эркек бир туугандарынын эң улуусу. Медетбекти кошкондо 8 баламдын үчөө каза болду. Уулум 2010-жылы мектепти аяктаган. Фельдшер болуп, чек арада эмгектенчү. Мен Медетбек менен акыркы жолу 14 же 15-сентябрда сүйлөштүм. Воронцовкага дарыланууга жөнөткөн эле. Телефон чалып "Апа, кандайсыз? Ден соолуктарыңыз кандай? Кандай дарыланып жатасыз?" деп сурады. Мен баары жакшы экенин айттым. Ошондон кийин уулум байланышка чыккан жок. 16-сентябрда жолдошума каза болду деген кабар келиптир, жолдошум мага угузду. Үйлөнгөнүнө 8 ай эле болгон", - дейт ыйлаган эне. Ал эми буга чейин жакындары мындайча эскеришкен. «16-сентябрда Тажикстан басып киргенде мойнунан жарадар болгон. Медетбек жараатты кадимки ийне жана жип менен тигип, кайра кызматка киришти. Ага коопсуз жерге баруу буйругу берилген. Бирок Медетбек кызматтан кетпей, бир кесиптешинин жараатын көрүп, аны согуш талаасынан алып чыгууну чечет. Бирок аткылоодон улам кете албай калышкан», — дешкен жакындары. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="141812,141813,141814,141815,141816"]