Ыкчам штаб: «Кыргызстанда июнь-июль айларында коронавирус оорусу күчөшү ыктымал»

Кыргызстанда июнь-июль айларында COVID-19 оорусу күчөшү ыктымал. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

«Ошол мезгилге чейин иммунитетти чыңдоо керек. Организмде вируска карата антителолорду иштеп чыгуу да маанилүү. Вакцина бардык ооруга даба эмес, бирок өмүрлөрдү сактайт. Кыргызстанда вакциналардын бардык түрү бар. Алардын ар биринин натыйжалуулугу жогору», — деп айтылат маалыматта.