Үлпөт той, көмүү ырым-жырымдарын тартипке келтирүү жөнүндө мыйзам коомдук талкууга коюлду

Кыргызстанда той, маараке, куран окутуу сыяктуу иш-чараларды тартипке келтирип, айрым чектөөлөрдү киргизүү пландалып жатат. Жогорку Кеңештин сайты аркылуу «Үлпөт той, маараке салтанаттарын, көмүү ырым-жырымдарын жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Демилгечи — депутат Улукбек Ормонов.

Себептер — түшүндүрмөдө айтылганына караганда, акыркы жылдары мындай иш-чараларды өткөрүүдө мактануу, өзүн көрсөтүү, ашыкча коромжулук сыяктуу терс көрүнүштөр жана кемчиликтер кездешүүдө. Мындан тышкары, айрым жарандар мындай иш-чараларды өткөрүү үчүн каражатты карызга алып, төлөп бериш үчүн миграцияга кетип жатышат. Айрымдар мындай иш-чараларды кошуналар жана туугандар тарабынан сындоолордон кутулуунун бирден-бир жолу катары кабыл алууда. Максаты — жарандардын арасында ашыкча коромжулук, шаан-шөкөт фактыларын жок кылуу, ошондой эле финансылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга багытталган элдик демилгелерди колдоо максатында иштелип чыкты.

Талаптар: