Үнүн угуп, өзүн көрбөсөң, атактуу ырчы деп ойлоруң шексиз. Бир күндө келин соцтармакты өнөрү менен багынтты

Бишкектин «Ынтымак» сейил багынан тартылган видео бир күндө соцтармактын колдонуучуларын багындырды. Анда келиндин аткарууга оор болгон ырларды профессионал аткаруучулардан кем эмес ырдаганын көрүүгө болот.

Ал «Титаник» тасмасында жаңырган «My Heart will go on», Полина Гагаринанын «Кукушка» жана Уитни Хьюстондун «I have nothing» ырларын аткарган. Соцтармактын колдонуучулары келиндин өнөрүн жогору баалашып, жүздөгөн комментарийлерди жаадырып жаткан кези.