Ырчы Бакас: «Бекжан Темирхандын каза болгонун ата-энеси уга электе кабар таратып, маданият адамдары маданиятсыздык кылып коюшту»

10-ноябрь күнү «Ай, ай, эзилип бүттүм» деген ыр менен калың журтка таанылган ырчы Бекжан Темирхан жол кырсыгынан каза болгон. Жол кырсыгына күбө болгон маркумдун жакындары окуя кандай болгонун эскеришти.

«Азыр баарыбыз кан жутуп отурабыз. Сынообузга жеңилдик берсин. Ошол күнү дагы бир досум менен чай ичип отурганбыз. «Бекжан жок болуп кетти, сени менен кабарлашып жатабы» деп сурап калдым. Анан ага чалып калды. Алса эле кырсык болгонун досу айтты. «Жардан учуп кеттик, келе кал» деди. Жолго чыкканда «өлүкканага келгиле» деп кайра чалды. Экөөбүз көп жылдан бери дос элек. Сырдашчубуз. Үйдүн эң улуу баласы. Ата-энесин каржылаган ушул болчу. Бир туугандарын окутуп жаткан ушул бала болчу. Эми ажал экен», — деди ал.

Ал Бекжан Темирхандын артынан хайп болгондорду көргөндө оор болгонун айтты. «Ар бир нерсенин өз маданияты бар. Ал учурда каза болгонун ата-энеси уга элек болчу. Маданият адамдары маданиятсыздык кылып коюшту. Баласы өтүп кеткен адамга аябай оор болот да. Жакшы чыгармасын берип, бөлүшүп койгулачы десе, айрымдары бөлүшчү эмес, анан эле жамандыкты бөлүшүштү», — деди ал.