Үшүп жатасызбы? Бишкек мэриясы үйлөргө жылытуу качан берилерин эске салды

Бишкектиктердин үйлөрүнө жылуулук берүү нормаларга ылайык жүргүзүлөт. Жылуулук берүү мезгили 5 күн катары менен абанын орточо температурасы +8 ℃ төмөндөгөндө бериле баштайт. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Объектилерди жылуулукка кошуу бир нече күнгө созулат. Алгач бала бакчалар, ооруканалар, төрөт үйлөр жана социалдык коргоо мекемелери, андан кийин турак жайлар, жылуулук энергиясына карызы жок өндүрүш ишканалары жана мекемелери жана башка объектилер жылуулук менен камсыздалат. Көп кабаттуу үйлөрдү жылуулукка туташтырууда, үйлөрдүн жогорку кабаттарында жайгашкан Маевскийдин крандары аркылуу жылытуу тутумунан абаны чыгаруу керек. Бул чара батирлерге жылуулуктун агымын тездетет.