Ысык-Атада 13 жаштагы өспүрүм топ ойноп жатып каза болду

22-февраль күнү Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө Сары-Жон айылында 2010-жылы туулган өспүрүм каза болгондугу боюнча маалымат түшкөн. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден билдиришти.

Аталган факты Ысык-Ата РИИБге катталып тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүү учурунда окуя боюнча төмөндөгүдөй жагдайлар аныкталган. 22-февраль күнү А.Сакебай атындагы орто мектептин спорт аянтчасында 2010-жылы туулган өспүрүм классташтары менен топ ойноп жатып, өзүн жаман сезип, дем алуусу оорлоп, бир нече убакыттан кийин эс-учун жоготуп кулаган.

Окуучунун туугандары райондук ооруканга алып бараткан учурда жолдон каза болгону такталган. Бул окуяны тактоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда экспертизанын корутундусу чыга элек.