«Ысык-Көл» аэропорту туристтик сезондо Алматыдан биринчи каттамды кабыл алды

«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 2023-жылдын туристтик мезгилинин ачылышында бүгүн, 30-июнда Алматыдан (Казакстан) биринчи каттамды кабыл алды.
Qazaq Air авиакомпаниясынын учагы Алматы-Тамчы багыты боюнча 71 жүргүнчүсү менен «Ысык-Көл» аэропортуна конду. Ошондой эле Тамчы-Алматы багыты боюнча кайрадан 30 жүргүнчү учуп кетти. Каттам жумасына 2 жолу аткарылат — жума жана дүйшөмбү күндөрү. Аталган багытка байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпанияга түз кайрылуу зарыл.