Ысык-Көлдө 44 жаштагы эркек киши менен 45 жаштагы аял киши тоого кеткен боюнча дайынсыз болуп жатышат

Ысык-Көлдө 2 адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-сентябрь күнү 1977-жылы туулган эркек киши менен 1976-жылы туулган аял киши Ак-Суу районунун Эңилчек айылынан чыгып, Баш-Көл тоосу тарапка кеткен. Алар туугандарына 28-сентябрь күнү кайтып келиши керектигин айтышкан. 18-сентябрдан тарта азыркы учурга чейин кайтып келишкен эмес. Издөө иштери өз алдынча жүргүзүлүп, натыйжа болгон эмес. Бүгүн, 4-октябрда таңкы саат 06:00дө ӨКМден жалпы 5 куткаруучу тартылып, издөө иштери башталды.