Ысык-Көлдө жайлоого чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткан кытайлык жаран изделүүдө

Ысык-Көлдө кытайлык жаран изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

​ Кытай Эл Республикасынын жараны, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти 22 жаштагы Сай Тун изделүүдө. Кытай жараны 24-июль күнү Ак-Суу районунун Ала-Көл жайлоосуна чыгып кеткен боюнча кайрылып барган эмес. 18-августта Ысык-Көл ОИИБден Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына атайын кат аркылуу билдиришкен.

Маалыматтык билдирүүдөн улам Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткарууу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, ОИИБдин кызматкерлери менен биргелекте издөө иштерине жөнөп кетишкен.