24-майга караган түнү аба-ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол, Күн-Чыгыш, Кѳл-Тѳр, Мамбетов, Тоң жана Төрт-Күл айыл аймагынын жайлоолорунда нөшөрлүү жааган жамгырдан, кардан улам малчылардын малынан чыгымдар катталгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Ал эми Күн-Чыгыш айыл аймагына тиешелүү “Жазы кечүү” жайлоосуна жергиликтүү эл малчыларга 200 түк тоют жеткиришкен. Ал эми башка айыл аймагынын жайлоолорунда кар эрип кеткен.