Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери шамал менен көлдүн тереңине алып кеткен балдарды куткарышты. Бул тууралуу Ысык-Көл РИИБден билдиришти.
27-июль күнү 3 өспүрүм көлдүн үстүнөн үйлөнмө матрастары менен сүзүп чыгышкан. Бирок алардын этиятсыздыгы күтүлбөгөн окуяга алып келген. Аларды Чоӊ-Сары-Ой айылдык милиция бөлүмчөсүнүн аймактык ыйгарым укуктуу милиция кызматкерлери куткарып калышкан.
Бул күнү Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылынын жанындагы көл жээгинде Ош облусунун Кара-Суу айылынын тургуну үй-бүлөсү менен эс алып жүрүшкөн. Анын 7 жаштан 12 жашка чейинки үч баласы үйлөмө матрастар менен көлдө сүзүүнү чечишкен. Бул учурда алардын ата-энелери жээкте эс алып жатышкан.
Катуу шамал жана бийик толкундар балдарды тез эле көлдүн тереӊдигине алып кеткен. Бактыга жараша аларга тартип сакчылары жергиликтүү тургундун кайыгы менен жетүүгө үлгүрүшкөн. Куткаруучу жилеттерди балдарга кийгизип, аларды көлдүн жээгине чыгарышкан.