Ысык-Көлдө Ырысгүл Байтерекова менен Жансап Дүйшөбаев изделип жатат

Ысык-Көл райондук милициясы дайынсыз жоголгон адамдарды издөөгө көмөктөшүүнү суранышат.

15-январь күнү Ысык-Көл РИИБдин Ананьево айылдык милиция бөлүмүнө Жаркымбай айылынын 46 жаштагы тургуну кайрылып, 2-топтогу майып, акыл-эсин жоготуу илдетине чалдыккан 37 жаштагы аялы Байтерекова Ырысгүл Абдылдаевна 8-январь күнү үйүнөн чыгып кетип, кайтып барбаганын билдирген.

Белгилери: бою 160-165 сантиметр. Башында кызгылт түстөгү оролгон жоолук, үстүндө кызыл көк түстөгү свитер жана сары кызыл түстөгү кыска куртка, бутунда кара түстөгү кыска кышкы бут кийими болгон. Оозунун үстүндө оң тарабында калы бар.

Ал эми 6-ноябрда Ысык-Көл РИИБине Түп районунун Ой-Булак айылынын тургуну кайрылып, дайынсыз жоголгон 41 жаштагы жолдошун Дүйшөбаев Жансап Узаковичти таап берүүнү суранган. Аялдын айтымында, өткөн жылдын 11-июнь күнү жолдошу унаасы менен үйдөн чыгып, кайтып барган эмес. Күбөлөрдүн көргөзмөсү боюнча, акыркы жолу жолдошун Ысык-Көл районунан көрүшкөн.

Белгилери: бою 165-170 сантиметр, дене түзүлүшү толук, чачы кыска, кийип жүргөн кийими мезгилге жараша болгон, оң колунун ортон жана аты жок манжалары учунан жок.

Дайынсыз жоголгон жарандар боюнча кандайдыр бир маалымат болсо, 0502106767, 0708280558, 0709203087 номурларына же «102» кызматына чалсаңыздар болот.