Ысык-Көлдө эс алуу учурунда жоголду делген кыздар табылып, жакындарына өткөрүп берилди

Ысык-Көлдө эс алуу учурунда дайынсыз болуп жаткан балдар аман-эсен табылып, жакындарына өткөрүп берилди. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Ысык-Кѳл облусундагы «Кыргызское взморье» эс алуучу жайда жоголгон 5 жаштагы кыздын ата-энеси милиция кызматкерлерине жардам сурап кайрылган. Ошол замат ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 1-батальонунун кызматкерлери эс алуу жайынын айланасынан издешип, кечки саат 21:15 чамасында кызды таап аман-эсен ата-энесине ѳткѳрүп беришкен.

Ушундай эле кѳрүнүш «Көгүлтүр Ысык-Кѳл» эс алуу жайында да орун алган. Анда 10 жаштагы эгиз кыздар жоголуп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп, полктун 1-батальонунун кызматкерлери издѳѳ иштерин жүргүзүп, табылган эгиз кыздарды туугандарына ѳткѳрүп беришкен.