Бүгүн, 27-августта Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өтүүгө белсенген Владислав Шулико марага жетет. Бул тууралуу суучул социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Маалыматка караганда, ал жээкке саат 13:00дө чыгат. «27-августта саат 13:00 чамасында менин сууда сүзүүм аяктайт. Финиш Балыкчыда болот, мүмкүнчүлүгү барлардын баарын «Алия» пансионатынын жээгинен күтөм күтөм», — деп жазды ал.
Шулико 22-августтан 27-августка чейин «Issyk-Kul Swim 181» долбоордун алкагында Ысык-Көлдү Каракол шаарынан Балыкчы шаарына чейинки аралыкты сүзүп өтөрү маалым болгон. Спортчу аба ырайынын шарттарын жана башка факторлорду эске алуу менен 4-5 күндүн ичинде марага жетүүнү максат кылган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram