Ысык-Көлдүн алдынан 700 килограмм таштанды, 1100 метр тор чыгарылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары тарабынан 12-марттан 15-мартка чейин Ысык-Көлдүн акваториясынын булганган тилкелеринен жалпы 1100 метр балык уулоочу тор, 700 килограммдан ашык таштандылар чыгарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Тазалоо иши жуманын иш күндөрү 8 сааттан жүрүүдө. Ал эми жаан жааган жана катуу шамал учурунда иш убактылуу токтотулуп турат. Көлдүн флора, фаунасына жана тазалыгына зыян алып келген таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо Ысык-Көлдүн бүтүндөй акваториясынын булганган тилкелерин камтып, 1-2 жылга чейин уланат.