Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде сүрөтчүлөр куурап калган дарактар көрүстөнүндө “Биз = Дарактар” аттуу манифест өткөрүштү. Бул тууралуу сүрөтчү Иван Рясков Инстаграмдагы баракчасына жарыялады.
Маалым болгондой, иш-чара «Илгери» долбоору менен биргеликте уюштурулган.
«Бул көркөм перформанс менен мен Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Балыкчы-Каракол жолун кеңейтүү максатында көп кылымдык бак-дарактардын массалык түрдө кыйылышына коомчулуктун көңүлүн бургум келди», — дейт фотограф.