Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Темир айылында 1987-жылы туулган айыл жаштары 20 жылдык мааракесине карата муктаж үй-бүлөгө 3 бөлмөлүү үй салып беришти.
Үйдү тапшыруу аземине айылдын аксакалдары, энелери, тургундары жана коноктор катышып, жалпы элдин батасы менен иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара Куран окуу менен башталып, Куранды Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев окуду. Андан соң Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби Максат ажы Сейталиев, Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары жана башка коноктор куттуктоо сөздөрүн айтып, баталарын беришти. Келгендердин айрымдары үй-бүлөгө ар түрдүү белектерин тапшырышты.