Зордукталып, уул төрөгөн 14 жаштагы кыз: «Баламды жек көрбөйм. Анда эмне күнөө?»

Биздин редакцияга 13 жаштагы небереси зордукталып, уул төрөгөнүн айткан жаран кайрылды. Каарманыбыз небересин ТикТок социалдык тармагы аркылуу таанышкан жаран чакырып зордуктаганын айтат. Ал эми бул окуяда жабыркаган кыз бүгүнкү күнү бир уулдун энеси, жашы 14тө. Биз кыздын өз оозунан окуяны уктук.

«Менин курбу кызым бар болчу. Ал телефон кармап отуруп, бир бала менен тааныштырган. Ал блогер болчу. 2020-жылы таанышканбыз. 2021-жылы 4-августта жолуктук. Курбу кызым чалып, сейилдеп келели деди. Мен макул болуп бардым. Барсам курбу кызым тиги жигитти чакырды. Ал келди. Анан эле курбу кызымды апасы чакырып, үйүнө кетти. Мен да кетейин десем «силер видео тартасыңар» деди. Анан эле ал бала 4-кабатка чыгаар менен зордуктоого аракет кыла баштады…

Үйгө барсам ич кийимим кан болуптур. Анан эле бир нече күн өткөн соң чакырды. Бир блогерден интервью алыш керектигин айтты. Барбайм десем, коркутту. «Келбесең баягы окуяны интернетке чыгарып ийем» деди. Мен коркуп, бардым. Ошол жерден кайра зоруктады. 31-августта курбумдун апасы менен жүргөнбүз. Ал мени көрүп калып, чакырды. Коркутканынан барууга мажбур болдум. Кайра зордуктады. Мага эч ким ишенбей жатат. Мен деле жакшы бала дегем. Бирок эч кимге ишенбегиле.

Октябрда ичим ооруп, мектепке бара албай калдым. Маалымкат алып барып жаттым. Мугалимдер үйгө келе башташты. Мен 13 жашта болсом да, бала көтөрүп жүрдүм. Бирок баламды жаман көрбөйм. Анткени балада эмне күнөө?» — дейт ал.