БШК президентти «подстава» кылып жатабы? 3 соттук инстанциянын чечимине карабастан шайлоону дайындоо жарлыгына кол коюлду

Абдурахман Муртазалиев буга чейин соцтармактагы баракчасы аркылуу президентке кайрылуу жолдогон. Бирок ал кайрылууга карабастан, жарлыкка кол коюлганын айтат. Мындан улам Абдурахман Муртазалиев президентке кимдир бирөө соттордун жана Жогорку Соттун чечимдерин, жалпы эле бул окуянын тегерегиндеги маалымат толук түрдө берилбей калган деп эсептейт.

Кайрылуунун тексти төмөндөгүдөй:

«Урматтуу Президент! Менин Кыргыз жараным!
2022-жылдагы шайлоодо мен 5806 шайлоочунун добушун алдым, бирок жалган жалаа менен четтетилдим.

Мен Конституциянын гаранты катары президентке Свердлов округундагы шайлоочулардын добушун коргоо өтүнүчү менен кайрылам. Анткени БШК Жогорку Соттун чечимин четке кагууда.

Сот бүгүнкү күнү мага добуш сатып алуу боюнча коюлган айыпты алып салганы менен, БШК аракетсиздигин көрсөтүп, Жогорку Соттун күчүнө кирген мыйзамдуу чечимин аткарбай жатат. Ага ылайык, мени, Абдурахман Муртазалиевди Свердлов округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаты катары таануу жана мандат берүү милдеттендирилген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын күнөөсү менен 2 жыл бою Жогорку Кеңеште депутаттык орунду ага укугу жок адам ээлеп келген. Адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук принциптерине таянып, үч инстанциядагы соттор Шайлообек Атазовду шайланган депутат деп таануу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын мыйзамсыз чечимин жокко чыгарды жана мага берилген добуштарды кайтарып берди. 3 соттук инстанция Абдурахман Муртазалиевдин пайдасына чечим чыгарды. Жогорку Соттун чечими кайра кароого жана арызданууга жатпайт деген конституциялык норма анда эмне болуп калат?!

БШКга сот чечимдерин аткаруу боюнча жазган көптөгөн арыздарым отурумда каралбай, жоопсуз калды. Анын үстүнө, БШКнын иш-аракеттеринин мыйзамсыздыгы – бул анын 7 күндөн ашык убакыттан бери бул маселе боюнча чечимин сайтка жарыялабай, менин даттануу укугумду бузганында. Башкача айтканда, соттор өзүнүн чечими менен БШКга өткөн шайлоонун жыйынтыгын аныктоо процедурасына кайтарды.

Бирок соттун чечимдерин жана мыйзамдарды эсепке албай, кечээ, 15-майда Борбордук шайлоо комиссиясы Свердлов округу боюнча жаңы шайлоону дайындоо боюнча мыйзамсыз токтом кабыл алып, президенттин кол коюусуна жөнөттү.

БШК өлкөнүн өнүгүүсүнө жумшаганга мүмкүн болгон 20 миллион сомду өлкөнүн бюджетине зыян келтирип, мыйзамсыз чечим сунуштап, президентти адаштырып жатат.

Урматтуу Садыр Нуркожоевич, Сизден Свердлов округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын жаңы шайлоону дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койбоону суранам!

12-мая-2024 065420 PM 12-мая-2024 070326 PM 12-мая-2024 064542 PM