12 миңден ашуун бөтөлкө… Алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү боюнча жашыруун цехтердин ишине бөгөт коюлду

3-мартта УКМК Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте контрафакттык алкоголдук продукцияларды чыгаруу боюнча жашыруун цехтердин ишмердүүлүгү аныкталып, ага бөгөт коюлду.
Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы даректер боюнча, ошондой эле «Берекет» соода борборунун («Ош базары») соода түйүндөрүн текшерүүнүн жыйынтыгында күмөндүү акциздик маркалар менен (анын ичинде акциздик маркалары жок) 12 миң даанадан ашык алкоголдук продукциялар табылды. Ошондой эле, 4 миң пачкадан ашык шектүү өндүрүштөгү акциздик маркалар, контрафакттык алкоголдук ичимдиктерди чыгаруу үчүн машиналар, шаймандар, этикеткалар, капкактар, бөтөлкөлөр жана контрафакттык алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү үчүн зарыл болгон башка тетиктер табылып алынды. Алынган контрафакттык продукциянын жана акциздик маркалардын базар баасы 3 миллион сомго жакын.
УКМК жашыруун цехтердин продукциясы белгиленген өндүрүш жана сапат стандарттарына жооп бербестигин (алардын алкоголдук ичимдиктерди чыгарууга лицензиясы, сертификацияланган жабдуулары жок) экендигин белгилейт. Колго өндүрүүдө тиешелүү өндүрүш жана куюу технологиялары сакталбагандыгы жана сапаты күмөндүү чийки заттар пайдаланылган. Бул жагдайлардын баары кийин элдин ден соолугуна олуттуу зыян келтирерин баса белгилейт.