Кечээ, 28-майда ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросу Казакстандын жана Монголиянын Интерполу менен биргелешип жүргүзгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында Улан-Батор шаарынан 1981-жылы туулган С.Б. кармашты. Ал өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкты жасаганы үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ИИБи тарабынан изделип жаткан.
Кармалган жаран алдоо жолу менен жабырлануучунун ишенимине кирип, электрондук акча каражаттарын сатып алууда пайдалуу курсту убадалап, 100 миң доллар суммасындагы акчасын ээлеп алган. Шектүү 2023-жылы Польшадан экстрадицияланган, бирок кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кетүүгө үлгүргөн. Ал фамилиясын өзгөртүп, өлкөдөн чыгып кеткен. Кармоо иш-чарасы Интерпол тарабынан изделип жаткан жүргүнчүлөрдүн маалыматтарын өз убагында алууга мүмкүндүк берген API/PNR тутумунун жардамы менен ишке ашырылды. Ошондой эле, 26-майда ИИМдин кызматкерлери санариптик технологиялар тутумунун жардамы менен Монголиянын Интерполу тарабынан өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы (жашы жете элек кызды зордуктоо) үчүн издөөдө жүргөн жаран 1982-жылы туулган Б.Э. Бишкек шаарынан кармашкан. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары тарабынан кармалган адамдарды экстрадициялоо маселелери чечилүүдө.
Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматына 2000-жылы туулган Э. уулу Э. аттуу жарандан анын кармалышына катышкан милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери...
Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө УКМК Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады....
Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө салык органдарынын кызмат адамдары «Б» ЖЧКга карата салыктык текшерүү жүргүзүүдө мыйзам талаптарын одоно бузгандыгы аныкталды....
14-апрелде саат 19:35те Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Сосновка айылында болгон жол кырсыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты каттоого алынып, окуя...