«13 жаштагы майыптыгы бар кызды тобу менен зордукташкан». 7 жылга созулган сот уланууда

Бүгүн, 12-июль күнү Бишкек шаардык сотунда 2 жыл бою айылдаштары тарабынан зордукталган 13 жашар майыптыгы бар кыздын иши каралууда. Бул тууралуу балдардын укугун коргоочу Назгүл Турдубекова СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.

«7 жыл мурун 13 жаштагы майыптыгы бар кыз жыныстык зомбулукка учураган, болгондо да аны тобу менен зордукташкан. Кыздын майыптыгы бар, үй-бүлөсү жакыр турмушта жашайт. Кымбат жактоочуларды алганга алардын шарты жок. Мына 7 жылдан бери алардын иши сотто каралып жатат. Алгач Сокулук райондук соту 2 жарым жыл карады. Андан кийин Чүй облустук сотунда иши 4 жыл каралды. Зордукталганы далилденген соттук-экспертизанын жыйынтыгы турса да, сот «кыз жыныстык катнашка өз каалоосу менен барган» деп өзүнүн жыйынтыгын чыгарып коюшту. Чүй облусунда шектүүлөрдүн биринин тууганы бар экен. Алар эки күнөөкөрдү амнистия менен чыгарып жиберишкен. Биз камакка алынсын деп апелляцияга бердик. Кайра Жогорку Сотко арыз менен кайрылып, эми Бишкек шаардык сотунда иши каралып жатат», — дейт укук коргоочу.