Өз өлкөсүндө кылмыш жасап издөөдө жүргөн Өзбек жараны Оштон кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
«Ош ШИИБдин аймактык тескөөчүлөрү тарабынан Өзбекстандын Анжиян облусунун тургуну, 1992-жылы туулган жаран кармалды. Ал өз мекенинде жердешин алдоо жолу менен анын атына 19 миллион 78 миң сумдук электрондук буюмдарды кредитке алдырган. Ал товарларды башка бирөөлөргө сатып, акчаны өз кызыкчылыгына иштетип койгон», — деп жазылат билдирүүдө.
Шектүү алдамчылык иши үчүн өз мекенинде издөөгө алынган соң, 2024-жылдын январь айында Кыргызстанга качып келип, ар кандай батирлерде, тааныштарынын үйүндө жашырынып жүргөн. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ан өз мекенине жөнөтүү боюнча тиешелүү кызматтар иш жүргүзүп жатат.









