Интернетте бир кыз экинчисин сабап жаткандагы видео тарады. Бул боюнча Октябрь РИИБден маалымат беришти.
18-апрелде саат 23:15 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына 3-балдар ооруканасынан 2010-жылы туулган кыз жарааттар менен түшкөнү кабарланган. Ал жерге барган милиция кызматкерлери окуучу кыздын 4-класстын окуучусун сабаганын аныкташкан. Кыздын апасы милицияга арыз жазган. Аталган факты каттоого алынып, тергөө жүрө баштаган.
Күбө катары 2011-жылы туулган кыз апасы менен чакыртылып, көрсөтмө берген. Ошондой эле кыздын апасына 1 миң сом айып салынган.